15:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Канат Исаев президентикке ат салышат

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев президентикке ат салышат. Бүгүн «Кыргызстан» саясый партиясы бүгүнкү курултайында анын талапкерлигин карайт.

Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеген. 2010-жылы кызматынан алынып, кийин «Республика» партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп келген. 2015-жылы өзү жетектеген «Кыргызстан» партиясы менен бирге Жогорку Кеңешке өткөн.

2017-жылдын май айында ага каршы жемкорлук беренеси менен иш козголгон. Кылмыш иши сотко өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев, Назаркул Нышанов, Темир Сариев, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Турсунбай Бакир уулу, Камиля Шаршекеева, Өмүрбек Бабанов, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдырахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Таалатбек Мамасадыков, Руслан Жунусов, Бакыт Төрөбаев, Турсунбек Акун, Садыр Жапаров, Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Арстан Малиев, Анвар Сартаев, Токтайым Үмөталиева, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова, Исхак Масалиев, Калмамат Мыктымбаев арыз жолдошкон.

Эң көп окулган жаңылыктар