12:57
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Садыр Жапаров президенттикке ат салышат

Учурда сотто иши каралып жаткан Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаров президенттикке ат салышат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Боршайкомдун мүчөсү Елена Жылкычиева билдирди.

Анын айтымында, Сыдыр Жапаров өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катталмакчы. 

Садыр Жапаров 25-марттан бери камакта. Ага каршы башаламандык жана адамды барымтага алуу айыбы тагылган. 

Андан сырткары, шайлоого катышууга катталуу үчүн дагы үчөө документтерин тапшырды. Ал ардагер Замира Муратбекова, жумушсуз Санжарбек Энназаров, «Сүймөнкул Чокморов» фондунун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев, Назаркул Нышанов, Темир Сариев, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Турсунбай Бакир уулу, Камиля Шаршекеева, Бакыт Төрөбаев, Таалатбек Мамасадыков,  Өмүрбек Бабанов Боршайкомго талапкер катары катталуу үчүн документтерин тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар