USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Турсунбек Акун дагы шайлоого катышат

Юлия КОСТЕНКО
14:13, 06 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Мурдакы Акыйкатчы Турсунбек Акун дагы шайлоого катышат. Ал бул тууралуу «24.kg» агентигине билдирди.

Анын айтымында, мурдакы Акыйкатчынын талапкерлигин «Адам укугу» партиясы сүрөт чыгат. Турсунбек Акун эртең БШКга документтерин тапшырмакчы. 

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев, Назаркул Нышанов, Темир Сариев, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Турсунбай Бакир уулу, Камиля Шаршекеева, Бакыт Төрөбаев, Таалатбек Мамасадыков,  Өмүрбек Бабанов, Садыр Жапаров, Мукар Чолпонбаев Боршайкомго талапкер катары катталуу үчүн документтерин тапшырган.

Шайлоо 15-октябрда өтөт.

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18