09:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Төрт жолу президент болбой калган Турсунбай Бакир уулу дагы бир жолу ат салышат

Төрт жолу шайлоодо утулган Турсунбай Бакир уулу бул жолу дагы президентикке ат салышат. Мурдакы Акыйкатчы жана Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу Боршайкомго документтерин тапшырды. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталмакчы.

Эскерте кетсек, ал 1995-жылдан берки президенттик шайлоолордун баардыгына катышкан.

Андан сырткары, мурдакы билим берүү министри Камиля Шаршекеева дагы талапкер катары катталуу үчүн БШКга кайрылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев, Назаркул Нышанов, Темир Сариев жана Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов Боршайкомго талапкер катары катталуу үчүн документтерин тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби