23:51
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

62 жаштагы ардагер өлкөнү башкаргысы келет

Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаев президенттикке ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Анвар Сартаев куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин укугун коргоп, өкмөттөн кошумча төлөмдөрдү төлөп берүү талабы менен уюштурган маалымат жыйын жана пикеттери менен белгилүү. 

Эскерте кетсек, буга чейин БШКга Назаркул Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Турсунбай Бакир уулу, Камиля Шаршекеева, Өмүрбек Бабанов, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдырахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Таалатбек Мамасадыков, Бакыт Төрөбаев, Турсунбек Акун арыз жолдошкон.

Эң көп окулган жаңылыктар