22:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Россиянын аскердик базасынын Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтү 15 жылга кыскартылды

Россиянын аскердик базасынын Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтү 15 жылга кыскартылды. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциядагы маалымат жыйында билдирди.

Президенттин айтымында, Кант аба майданында жайгашкан Россиянын аскердик базасы боюнча келишимдин мөөнөтү өзгөртүлдү.

«Россиянын аскердик базасы Кыргызстанда ушул кылымдын аягына чейин болмок, бирок биз аны 15 жылга кыскарттык. Мындан кийин мени Россиянын бир топ министрлери жактырбай калышты» — деди ал.

Эскерте кетсек, Кантка Россиянын аскерлерин жайгаштыруу келишими 2003-жылы 15 жылга түзүлгөн. 2016-жылыл Алмазбек Атамбаев аталган базаны 2058-жылы мөөнөтүнөн аяктагандан кийин, өлкөдөн чыгартыларын айткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар