19:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Liglass Trading бир апта ичинде 37 миллион долларды төкпөсө келишим үзүлөт

«Liglass Trading бир апта ичинде 37 миллион долларды төкпөсө, биз башка инвестор издейбиз» — деп президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Өлкө башчысы Россия менен дагы «Камбар-Ата» жана «Жогорку Нарын каскады» ГЭСтеринин курулушу боюнча келишимди жокко чыгаруу туура болгондугун белгилеп өттү.

«Азыр айрымдар Россия менен келишимди үзбөй туруш керек болчу деп жатышат. Алар ГЭСти куруп бүткүсү келген эмес. Чечим туура болгон» — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Чех компаниясы 37 миллион долларды төлөсө, аны  бул проекттеги «Русгидрого» которуларын айтты. 

Эскерте кетсек, аталган долбоорлор боюнча Россия менен келишим токтотулгандан кийин, Кыргызстан тендер жарыялап, анда Чехиянын Liglass Trading компаниясы уткан. Кийин бул компаниянын тажрыйбасы жана финансалык мүмкүнчүлүгү дагы жоктугун билдирген маалыматтар жарыяланган. Чех ишканасын иликтеп чыккан Тышкы иштер министрлиги дагы бул инвесторлор менен иш алып барбоону сунуштаган.

Келишим боюнча, Чех компаниясы «Жогорку Нарын ГЭС» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына 37 миллион доллар кошуп, Россиянын 50 пайыздык акциясына ээ болот. Курулуштун биринчи этабына 230 доллар талап кылынары айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар