USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Жогорку Нарын ГЭСин чехтер курат

Татьяна КУДРЯВЦЕВА
12:16, 10 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Нарын ГЭСин Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы курат. Алар курулушка 400 миллион доллар сарптоого даяр. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн келишимге кол коюлган. Ага президент Алмазбек Атамбаев дагы катышкан.

«Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы он чакан ГЭСти куруу тендерин утуп алган. Алар Акбулун, Нарын ГЭС-1, Жогорку Нарын каскадын да ишке киргизет.

Андан сырткары, «Орто-Токой-1», «Орто-Токой-2», «Папан», «Чоң-Аксуу», «Киров», «Кара_Суу сол жээк — 1», «Кара- Суу сол — 2» 2019-жылдын 30-декабрына чейин бүткөрүлөт. «Сандык-1», «Сандык-2» жана «Сандык-3» 2020-жылда ишке берилиши каралды.

Чех компаниясы «Жогорку Нарын ГЭС» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына 37 миллион доллар кошуп, Россиянын 50 пайыздык акциясына ээ болот. Курулуштун биринчи этабына 230 доллар талап кылынары айтылууда. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика