02:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жыл башынан бери 600гө жакын даарыгер жумушун таштаган

2017-жылдын башынан бери саламатыкты сактоо тармагына 612 даарыгер жана 1 миң 622 орто кесиптик билими бар медициналык кызматкер ишке кирген. Ошол эле учурда 590 жогорку билимдүү жана 1,7 орто кесиптик билими бар кызматкер жумуштан кеткен. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда 16 даарыгер жана 34 орто билимдүү адис чет өлкөгө чыгып кетишкен. Көбүнчө Ош шаарынан жана Чүй облусундагы медициналык адистер иштен кетишет. 

Жарым жылда республика боюнча 13,4 миң киши саламаттыкты сактоо тармагына кайрылышкан .

Министрлик адистердин жетишсиздиги дагы эле курч маселе экендигин билдирет. 

Эң көп окулган жаңылыктар