23:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эмилбек Каптагаев сотто Садыр Жапаровго доосун жоктугун айтты

Ысык-Көл облусунун мурдакы губернатору Эмилбек Каптагаев бүгүн сотто Садыр Жапаровго доосун жоктугун айтты.

Ал бул иш боюнча териштирүү төрт жылга созулганын, мурдакы депутатка каршы эч кандай доосу жоктугун билдирди.

Эскерте кетсек, тергөөнүн бүтүмүндө, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарындагы «Кумтөр» кенине каршы митингде ал кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган. Ага каршы «башаламандык», «барымтага алуу» беренелери менен иш козголгон.

«Мен ал күнү Караколдон алыс жерде болчумун», — деди экс-депутат.

Садыр Жапаров 25-мартта кармалган. Ошол эле күнү УКМКнын алдындагы митингде анын бир тууганы жана уулу болуп 12 адам камоого алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар