15:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Каныбек Иманалиев: Аскерлерибиз Сирияга барса тажрыйба топтоп келишет

Кыргызстандын куралдуу топтору Сириядагы аскердик аракеттерден тажрыйба топтоп келишет. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, аскердик доктринага ылайык өлкө террорго каршы аракеттерге катышууга милдеттүү. Андан сырткары, ЖККУнун (ОДКБ) мүчөсү катары эл аралык келишимдердин негизинде кайсы аймактагы чатактарга аскерлерин жөнөтөрүн өзү чечет.

«Азыр биздин комитетке мындай сунуш келип түшкөн жок. Эгер өлкө жетекчилиги Россиянын сунушуна макул болсо, анда депутаттардын үчтөн экисинин макулдугу керек болот», — деди Каныбек Иманалиев.

Депутат жеке өзү кыргыз аскерлеринин Сирияга жөнөтүлүшүнө каршы эмес. Анын оюнда, ИМге каршы күрөштү көпчүлүк колдоп берет.

«Эгер ал жерде чоң коркунуч болбосо, тынчтык орнотуу максатын гана көздөсө анда бул биздин өлкө үчүн жакшы тажрыйба. Россия ЖККУда өнөктөшүбүз. Биздин улуттук кызыкчылыктарга каршы келбейт» — дейт Каныбек Иманалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар