Картошканын түптөрүн отургузуу алдында даярдоо келечектеги түшүмгө таасирин тийгизген маанилүү агротехнологиялык этап болуп эсептелет. Адистер коргоочу каражаттарды жана туура иштетүү ыкмаларын колдонуу оорулардын жана зыянкечтердин жугуу коркунучун азайтууга, ошондой эле көчөттөрдүн тез чыгышына жардам берерин баса белгилешет.
Агрономдор түптөрдү отургузууга 1–2 күн калганда иштетүүнү сунушташат. Адистердин маалыматы боюнча, алдын ала даярдык чирүү, фитофтороз, фузариоз жана башка оорулардын пайда болуу ыктымалдыгын азайтууга, ошондой эле өсүмдүктөрдү колорадо коңузунан, зымкуртунан жана башка зыянкечтерден коргоого мүмкүндүк берет. Туура технология колдонулса, түшүмдүүлүк 15—25%ке көбөйүп, ооруга чалдыгуу 80%ке чейин азайышы мүмкүн.
Отургузуунүн алдында зыянга учурабаган, салмагы 50–80 грамм болгон дени сак түптөр тандалып алынат. Андан кийин аларды кичинекей өнүүлөр чыкканга чейин жарыкта, орточо температурада эки жумадай өндүрүшөт. Андан кийин атайын эритмелер, мисалы, фунгициддик каражаттар менен иштетилет, андан соң түптөр коргоочу кабык пайда болгонго чейин кургатылат.
Кошумчалай кетсек, зарылчылыкка жараша курт-кумурскалардан коргоо үчүн инсектициддик препараттар колдонулат. Бардык этаптар аяктагандан кийин отургузуу топурактын түрүнө жараша оптималдуу тереңдиктеги жылыган жерге жүргүзүлөт.

