Төрт жашар кызды коюп кеткен 16 жаштагы айдоочу үй камагында кармалат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Эскерте кетсек, 10-июнда Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча конушунун Сары-Челек көчөсүндө катуу ылдамдыкта келе жаткан автоууна төрт жашар кызды сүзүп, качып кеткен.
ИББнын билдирүүсүндө, № 3 балдар оорууканасында жаткан кыздын абалы турукташып, нейрохирургия бөлүмүнө которулду.