20:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эмки жылы баардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен сынак берет

2018-жылдын 1-январынан тарта баардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен сынак берет. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы даярдаган токтомдун долбоорунда айтылат.

Демилгенин авторлорунун билдирүүсүндө, кыргыз тилин билген аткаминер өзүнүн милдетин так аткара алат.

Мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү кызмат ээлеринин тизмесинин башында президент, парламент төрагасы, премьер-министр, президенттин жана өкмөттүн аппарат жетекчиси, Жогорку Сот, Конституциялык палата, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Куралдуу күчтөрдүн штабынын башчысы, Башкы прокурор, омбудсмен жана БШК жетекчиси турат.

Долбоордо тил сынагын парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, облус жана район жетекчилери дагы ташырары айтылат.

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча мамлекеттик тилден сынакты президент гана тапшырат. Ал эми Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлердин билими жазуу түрүндө текшерилет.

2014-жылы мамлекеттик кызматкерлер биринчи жолу кыргыз тилинен сынак беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар