21:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Садыр Жапаровдун иши сотко ашты

Жогорку Кенештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровдун иши Биринчи май райондун сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине анын жактоочусу Бактыбек Асамидинов билдирди.

Анын айтымында, 14 күндүн ичинде сот алгачкы отурумунун күнүн белгилеп, ишти кароону башташы керек.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 26-мартта кармалган. Ага каршы Кылмыш Кодексинин «Барымтага алуу», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу» беренелери менен иш козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар