«Кезинде кээ бир жетекчилер куралдуу күчтөрдү тыйынга сатып жиберген. Алардын айрымдары дагы эле үнүн чыгарып калат» — деп, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган салтанатта билдирди.
Президенттин айтымында, 90-жылдары айрым жетекчилердин сөздөрү кыргыз армиясынын рухун сындырып, Куралдуу күчтөргө олуттуу зыян тийгизген.
«Андай мамиленин жыйынтыгына биз Баткен окуяларында күбө болдук. Эгер, 1999-жылы чек араны бузуп кирип келген куралдуу топторго каршы 4 миң 623 аскер турса, 2000-жылы 6 миң 675 аскер гана чыгарылган. 99-жылы 18, 2000-жылы 31 жоокер каза тапкан» — деди Алмазбек Атамбаев.
Президент 2011-жылы аскердик парадка кээ бир техника аянтка жетпей, жолдо бузулуп калгандыгын эскерип өттү.
«Андыктан реформа керек. Армияны бутка тургузуу өлкөнүн башкы тапшырмасы болушу шарт», — деди президент