15:16
USD 87.40
EUR 102.18
RUB 1.16

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык спортчу бильярд боюнча коло байге утту

Кыргызстандык спортчу бильярд боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу BILL4YOU бильярд спортунун расмий платформасы билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпионат Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү. Акыркы беттештер жекшемби күнү жыйынтыкталды. Турнир «Эркин пирамида» дисциплинасы боюнча өткөрүлдү.

Турнирдин чоо-жайы:

Катышуучулар: Эркектер арасындагы мелдешке 8 өлкөдөн (Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан жана Беларусь) жалпы 64 спортчу катышты.

Кыргызстандын курамасы: Дүйнө чемпионатында өлкө намысын 13 спортчу коргоду.

Жыйынтыктар:

33 жаштагы Арсен Калыбек уулу коло байгени багындырып, 3-орунду өзбекстандык спортчу Нурбек Саломов менен бөлүштү.

Жыйынтыгында 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү россиялык Иосиф Абрамов болду. Күмүш медаль дагы россиялык тажрыйбалуу оюнчу Никита Володинге тийди.

Эң көп окулган жаңылыктар