Эртең, 16-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти. Ысык-Көл облусунун аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7... +12, күндүз +13... +18;
Талас жергесинде түнкүсүн +3... +8, күндүз +12... +17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +15... +20;
Нарын аймагында түнкүсүн +1... +6, күндүз +16 .. +21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3... +8, күндүз +14... +19;
Бишкек шаары түнкүсүн +8... +10, күндүз +15... +17 градус жылуу болот.

