Чүй облусунда чегирткелердин пайда болгону катталды. Күбөлөр зыянкечтерди Романовка — Камышановка унаа жолунан тартып алышып, видеону социалдык тармактарга жарыялап жатышат.
Кадрлардан көп сандагы чегирткелердин жол боюнда жана чектеш аймактарда жылып баратканын көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундар мындай топтошуу мурда байкалбаганын белгилешүүдө.
Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөнүн түштүгүндөгү татаал фитосанитардык абал тууралуу билдирип, ал жакта зыянкечтердин очоктору аныкталганын жана химиялык иштетүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган. Чүй облусунда чегирткелердин пайда болушу алардын жайылуу аймагынын кеңейгендигинен кабар бериши мүмкүн.
Ведомство мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Ал эми адистер зыянкечтер андан ары жайылган учурда жайыттар жана айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунуч жараларын буга чейин эскертишкен.

