Ош облусунда сейсмикалык активдүүлүк катталды. Жер титирөө бүгүн, 27-апрелде саат 11:36да болгонун Сейсмология институтунан билдиришти.
Адистердин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай кырка тоолорунда — Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышты көздөй 18 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышты көздөй болжол менен 125 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер астындагы силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жакын болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, калктуу конуштарда жер титирөө сезилген жок.

