Бүгүн Кыргызстандын Нарын облусунда 4,0 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөлөр бүгүн, 16-апрелде саат 5:57де катталды.
Жер титирөөнүн эпицентри Конорчок айылынан 18 чакырым, Чолок-Кайың айылынан 16 чакырым, Баетоводон 28 чакырым жана Нарын шаарынан 115 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү:
- Конорчок жана Чолок-Кайың айылдарында — 3,5 балл;
- Кош-Булак жана Жаңы-Тилек айылдарында — 3 балл;
- Баетоводо — 3 балл болгон.

