12:20
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.15

Кыргызстанда күчү 2,8 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда бүгүн, 21-апрелде саат 9.17де жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Нарын облусунун аймагында жайгашкан:

Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынан түштүк-чыгышты карай болжол менен 11 чакырым алыстыкта;

Нарын шаарынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым алыстыкта.

Жер астындагы силкинүүнүн магнитудасы 2,8 баллды түзүп, очогундагы күчү (интенсивдүүлүгү) 3 баллга жеткен.

Талды-Суу жана Өзгөрүш калктуу конуштарында жердин силкинүүсү болжол менен 3 баллга чейин сезилгени белгиленет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар