Кыргызстанда облустар жана райондор жоюлуп, алардын ордуна 20 аймак түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда административдик реформанын экинчи этабы жөнүндө айтып берди.
Мамлекет башчысынын айтымында, учурда республикада 44 район жана 33 шаар бар.
«Облустар жана райондор жоюлуп, 20 аймак калат . Биз ал жакка жетебиз. Бирок ага дагы убакыт бар, үч-төрт жыл», — деп мамлекет башчысы өз пландары менен бөлүштү.
«Алгач пилоттук түрдө бир округ түзүп, байкап көрөбүз. Айыл өкмөттөрүн бириктиргенибиз бул реформанын биринчи этабы болду», — деди Садыр Жапаров.

