01:11
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Ulaan-Baatar Open −2025»: Кыргыз балбандары эл аралык мелдеште 12 медаль утту

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү «Ulaan-Baatar Open» эл аралык мелдешинде 12 медаль (4 алтын, 2 күмүш, 6 коло) утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өттү.

Алтын медалдын ээлери:

67 кг Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү);

87 кг Асан Жанышов (грек-рим күрөшү);

97 кг Үзүр Жузупбеков (грек-рим күрөшү);

65 кг Тайырбек Жумашбек уулу (эркин күрөш);

Күмүш медалдын ээлери:

55 кг Улан Муратбек уулу (грек-рим күрөшү);

77 кг Ырыскелди Максатбек уулу (грек-рим күрөшү);

Коло медалдын ээлери:

60 кг Акыл Сулайманов (грек-рим күрөшү);

72 кг Ырыскелди Хамзаев (грек-рим күрөшү);

65 кг Икромжон Хаджимурадов (эркин күрөш);

74 кг Орозбек Токтомамбетов (эркин күрөш);

130 кг Эрлан Манатбеков (грек-рим күрөшү);

61 кг Бекболот Мырзаназар уулу (эркин күрөш).

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу жана улук машыктыруучу Азат Бейшеекев жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Ошондой эле эркин күрөш улуттук курам башкы машыктыруучу Азат Мирахимов жана улук машыктыруучулар Эламан Догдурбек Илгиз Жакыпбековдун (U-23) жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар