12:01
USD 87.43
EUR 102.72
RUB 1.16

VI Азия оюндары: Кыргызстандык волейболчулар Кытайда жеңишке жетишти

Кыргызстандын волейболчулары Кытайда өтүп жаткан турнирде кезектеги жеңишин камсыздашты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерация билдирди.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. VI Азия оюндары: Кыргызстандык волейболчулар Кытайда жеңишке жетишти

Биздин курама команда Казакстандын командасына каршы ойноп, 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.

Буга чейин кыргызстандык волейболчулар Гонконгду (3:0) жана Россияны (3:2) утуп, бирок Кытай командасына утулуп калышкан.

Медалдар үчүн төрт команда — Казакстан, Кытай, Кыргызстан жана Россиянын спортчулары күч сынашууда.

Кыргыз Республикасынын атынан улуттук кураманын бир нече оюнчулары менен күчөтүлгөн КГАФКиСтин (Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы) командасы катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар