Бүгүн, 28-апрелде, Чемпиондор лигасынын 2025/2026-сезонунун жарым финалынын алгачкы беттеши өтөт. Анда Франциянын «ПСЖ» жана Германиянын «Бавария» командалары кездешет. Оюн Париждеги «Парк де Пренс» стадионунда өтөт. Калыстын ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча 01:00дө жаңырат.
Командалар ортосундагы жооптук оюн 6-майда өтөт. Ал «Арена Мюнхен» стадионунда өткөрүлмөкчү.
Эске салсак, чейрек финалдык (1/4) этапта париждиктер эки беттештин жыйынтыгы менен «Ливерпулду» 4:0 эсебинде жеңип алышкан. Мюнхендиктер болсо ошол эле этапта эки оюндун жыйынтыгында Мадриддин «Реалын» 6:4 эсебинде утуп, кийинки баскычка чыгышкан.

