Бишкекте шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионатынын жогорку лигасы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 30-апрелде башталып, 11-майга чейин уланат. Өлкөнүн алдыңкы шахматчылары жогорку лигада чемпиондук наам үчүн күч сынашат. Байге фонду 450 миң сомду түзөт.
Чемпионат Кыргызстандын улуттук курама командасына тандоонун негизги этабы болуп калат. Быйыл «4 + 1» аттуу жаңы спорттук тандоо системасы кабыл алынган: эркектер жана аялдар турнириндеги алгачкы 4 орун 2026-жылкы Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында өлкөнүн намысын коргоо укугуна кепилдик алат. Ар бир командадагы калган бир орун Кыргызстандын шахмат союзунун чечими менен бөлүштүрүлөт.
Мүмкүн болушунча адилеттүү тандоо үчүн олимпиадалык тай-брейк эрежеси киргизилген. Эгерде курамадагы чечүүчү 4-орунга талапкер болгон бир нече катышуучу упайлары менен тең чыгып калса, алардын ортосунда чемпионат жабылгандан кийинки күнү кошумча матч-турнир өткөрүлөт.
Оюндун форматы: эркектер — 11 тур, аялдар — 9 тур. Убакытты көзөмөлдөө: классикалык (90 мүнөт + ар бир жүрүш үчүн 30 секунд).
Байге фонду: эркектер арасында жеңүүчү 55 миң сом, аялдар арасында 40 миң сом алат. Жалпысынан ар бир категорияда 10 негизги байгелүү орун, ошондой эле ардагерлер үчүн атайын сыйлыктар каралган.

