Борбор калаада «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай» эл аралык конференциясы ачылды. Форумга Европанын, Азиянын, Американын, Африканын жана Австралиянын 50дөн ашык өлкөсүнөн делегаттар, ошондой эле 30га жакын эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн дагы 18 кичи ГЭСти куруу пландалууда.
«Акыркы эки жылда республикада 14 кичи ГЭС ишке киргизилди.Бул тоолуу аймактардын энергетикалык көз карандысыздыгына жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жасалган реалдуу кадам», — деди мамлекет башчысы.
Президент аталган 5 жылдыктын алкагында өлкөдө төмөнкүдөй багытта иштер аткарылып жатканына токтолду.
— Жашыл энергетиканы өнүктүрүү;
— Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү;
— Тоолуу аймактарды жашылдандыруу;
— Санариптештирүүнү өнүктүрүү;
— Калктын саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;
— Калктын жашоо шартын жакшыртуу;
Ошондой эле өз сөзүндө президент эл аралык уюмдарды, каржылык институттарды климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөргө биринчи кабылган тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоого чакырды.