12:34
USD 86.50
EUR 93.21
RUB 1.03

Трамп менен Путин телефон аркылуу бир жарым саат сүйлөштү. Эмнелер талкууланды?

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен узакка чейин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды.

Америкалык президент «Truth Social» социалдык тармагына пост жазып, анда ал орус лидери менен Украина, Жакынкы Чыгыш, энергетика маселелери жана башка бир катар темаларды талкуулаганын белгилеген.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков телефондук сүйлөшүүлөрдү расмий тастыктап, аларга комментарий берди.

Сүйлөшүүлөрдүн олуттуу учурлары:

1.Трамп Украинадагы согуштук аракеттерди тез арада токтотууну жана маселени тынчтык жолу менен чечүүнү жактады. Путин өз кезегинде жаңжалдын түпкү себептерин жоюу зарылдыгын белгиледи.

2. Президенттер өз командаларына сүйлөшүүлөрдү «дароо» баштоону тапшырууга макул болушту.

3. АКШ тараптан бул сүйлөшүүлөргө ЦРУнун директору Рэтклифф, мамлекеттик катчы Рубио жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Вальц жетекчилик кылат.

4. Трамп Путин менен сүйлөшүүдө Экинчи дүйнөлүк согуштун майдандарында биргелешип күрөшүү темасынын көтөрүлгөнүн айтты.

5. Путин Трампты Москвага чакырып, АКШнын расмий өкүлдөрүн да кабыл алууга даяр экенин билдирди. АКШ президенти орус лидеринин Вашингтонго баруу мүмкүнчүлүгү да талкууланганын билдирди.

6. Трамп Путин менен сүйлөшүүсүнөн кийин жакынкы келечекте биргелешкен аракеттердин ийгилигине үмүттөнөрүн белгиледи. Тараптар тыгыз кызматташууну макулдашты.

Соңунда АКШ лидери эгер ал президент болгондо мындай болмок эмес ,согушта миллиондогон адамдар каза болгонун, бирок «жетет, ошондуктан ал токтошу керек» деп жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар