USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

31-январга карата аба ырайы

15:48, 30 января 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 31-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −5...-10, күндүз 0...+5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −7...-12, күндүз 0...+5;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1...-6, күндүз −4...+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −4...-9, күндүз −3...+2;

Нарын облусунда түнкүсүн −14...-19, күндуз −5...-10.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −5...-7°, күндүз −2...-4° болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика