Бишкекте дүйшөмбү күнү жаан-чачын күтүлөт, андан кийин бир аз жылыйт. Синоптиктер ушундай алдын ала божомол беришүүдө.
4-май: күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Түнкүсүн абанын температурасы +11 градуска чейин, күндүз +22 градуска чейин жылыйт.
5-май: күн булуттуу болот. Түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү +12 градусту көрсөтүп, күндүз +25 градус тегерегинде болот деп күтүлөт.
6-май: ала булуттуу болот. Түнкүсүн +11 градус, күндүз +27 градуска чейин жетет.

