01:22
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Ветеринария кызматы депутаттын акча чогултуу боюнча билдирүүсүн четке какты

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин билдирүүсүн четке кагууда.

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-январда парламент жыйынында депутат Ош шаарында малын экспорттогон ишкерлер Ветеринардык кызматтын кызматкерлери экспорттолгон малдын ар бир башынан кызматтын жетекчиси үчүн 100 сомдон алып жатканын айтышканын билдирген.

Ветеринардык кызмат депутаттын билдирүүсүн негизсиз жана чындыкка коошпойт деп атады.

«Ага карабастан, Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ветеринардык кызматы бул билдирүү боюнча кызматтык иликтөө иштерин баштады. Анын жыйынтыгы менен жакынкы аралыкта депутатка расмий маалымат берилет», — деп айтылат Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын билдирүүсүндө.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
14-февраль, жума