01:06
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

Самат Матсаковдун иши. Шаардык сот жактоочулардын өтүнүчүн четке какты

Соттук коллегия камактагы жактоочу Самат Матсаковдун жактоочуларынын өтүнүчүн карап, четке какты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Адвокаттардын үч өтүнүчү каралды: эки баш тартуу жана айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын кайра кароо. Алардын бардыгы четке кагылды.

Эске салсак, адвокат Самат Матсаков журналисттердин укугун коргогон. Ал былтыр 30-ноябрдан 30-декабрга чейин кармалган. Сот андан ары камакта кармоо мөөнөтүн 2025-жылдын 28-февралына чейин узартты. Камалгандан бери укук коргоочулар анын укуктары бузулганын байма-бай айтып келишет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, жактоочу коррупция, алдамчылык жана документтерди жасалмалоого каршы күрөшүүнүн алкагында кармалган. Аталган башкармалык Самат Матсаков сот тармагындагы байланыштарын пайдаланып, 22 миң долларды ээлеп алганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар