«Төрт улуттун Кубогу» эл аралык мелдеш Непалдын Катманду шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдигин сайтында маалымдалды.
Турнирге Кыргызстан, Мьянма, Ливан жана Непалдан келген командалар катышат.
Жобого ылайык, мелдеш бир тур менен өтүп, биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар финалдык беттеште беттешет.
«Төрт улуттун Кубогу» эл аралык турнири 15-27-февраль аралыгында өтөт.