23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар мол жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −6...-11, күндүз −4...-9
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −7...-12, күндүз −4...-9
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...-8, күндүз 0...-5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −3...-8, күндүз −1...-6
Нарын облусунда түнкүсүн −15...-20, күндуз −8...-13
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн −9...-11°, күндүз −5...-7° суук болот.