03:46
USD 8.75
EUR 90.70
RUB 0.92

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-20) дагы испан клубун утуп алды

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Испаниядагы машыгуу жыйыны алкагында кезектеги жолдоштук беттешин өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.

Жаштар командасы «Ариуэль» клубун 4:1 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандык команданын голдорун Эмир Эрнисов (2) жана Ырыскелди Маданов (2) киргизди.

Буга чейин КР командасы «Картахена» жана «UCAM Murcia» клубдарын утуп, AFE командасына утулуп калган.

Эске салсак, улуттук курама команда февраль айында Кытайда баштала турган Азия кубогунун финалдык этабына даярдык көрүү үчүн Аликантеде машыгууда.

Эң көп окулган жаңылыктар