Кыргызстан Дүйнөлүк банктын 2024-жылга карата логистикалык натыйжалуулугунун индексинде (LPI) 128-орунду ээледи. Бул тууралуу LPI сайтында айтылат.
LPI индекси 2,3 деңгээлинде белгиленген. Кыргызстан Буркин-Фасо менен Мавританиянын ортосунда жайгашкан. Эксперттер Кыргыз Республикасы бажы коопсуздугу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк боюнча эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Кыргыз Республикасы ушул эле көрсөткүч менен 123-орунду ээлеген.
КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч Казакстанда, ал эми Кыргызстан эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ.
Логистикалык индекс натыйжалуулугу — дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн логистикалык системаларынын натыйжалуулугун салыштырып талдоо үчүн рейтингдик индекс. Ал Дүйнөлүк банк тарабынан 2007-жылдан бери логистикалык операторлордун дүйнөлүк сурамжылоосунун негизинде түзүлүп келет. Индекс өлкөнүн бүтүндөй жеткирүү чынжырындагы натыйжалуулукту өлчөйт.
Индекс структурасы төмөнкү параметрлерди камтыйт:
бажылык текшерүү процессинин натыйжалуулугу;
соода жана транспорт инфраструктурасынын сапаты;
атаандаштык баада жеткирүүлөрдү уюштуруунун жөнөкөйлүгү;
логистикалык кызматтардын компетенттүүлүгү жана сапаты;
жүктү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;
белгиленген жерге өз убагында жеткирүү.