КР Министрлер кабинети илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Токтом илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, окумуштууларды материалдык жактан стимулдаштыруу жана илим тармагындагы иш шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды.
Документке ылайык, илимий уюмдардын кызматкерлери үчүн президенттик компенсациялык төлөмдөр киргизилет.
Административдик-башкаруу жана негизги персонал үчүн кошумча төлөм 15 миң сомду, ал эми техникалык жана кенже персонал үчүн 5 миң сомду түзөт.
Ошону менен бирге, бул компенсация кошумча акыларды, жөлөк пулдарды жана бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт. Кошумча акы иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн гана чегерилет.
Эгерде кызматкер толук эмес ставкада иштесе, төлөмдүн өлчөмү анын иш жүктөмүнө жараша пропорционалдуу түрдө аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2026—2028-жылдарга карата республикалык бюджетти тактоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштыруу тапшырылды.
Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана ал 2026-жылдын 1-апрелинен тартып келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.

