02:25
USD 87.45
EUR 102.71
RUB 1.18

Камчыбек Ташиевдин иши сотко өттү. Ага «жашыруун» деген гриф коюлду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Адвокаттын айтымында, кылмыш иши маңызы боюнча карап чыгуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. УКМКнын мурдагы башчысы менен бирге бул иш боюнча дагы жети айыпталуучу өтүүдө. Кылмыш ишине «жашыруун» деген гриф коюлду. Мындай учурда сот отурумдары жабык өтөт.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиевге бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар