16:30
USD 87.45
EUR 102.94
RUB 1.16

Бишкектин «Ак-Ордо» конушунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери каракчылык кол салууга шектүү адамды изи суутпай кармашты. Бул тууралуу 12-майда Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-майда Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран А.А. аттуу жаранды учтуу нерсе менен коркутуп, 2 миң сом акчасын жана Redmi 9A үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы
Фото Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы. Шектүү

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар