Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) кошумча каттоо 16- 20-майда Бишкек шаарында жана Кыргызстандын бардык облустарында жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, каттоо тестирлөө борборлорунда (ЖРТ өтө турган мектептерде) саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүрөт.
Ар бир район же шаар үчүн каттоо орду тууралуу толук маалыматты мектеп өкүлдөрүнөн же райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнөн билүүгө болот.
Тестирлөө өзү эки этап менен өтөт:
- I этап: 17, 18, 19-май;
- II этап: 21, 22, 23-май.
Жалпы республикалык тестирлөөгө кирүү үчүн 16 жаштан ашкан бардык абитуриенттер жанында төмөнкүлөрдү алып жүрүүсү шарт:
- Паспорттун түп нускасы;
- Тестке кирүү талону;
- Көк түстөгү калем сап.
««Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу көрсөтүлгөн электрондук документтер ЖРТга кирүү үчүн документ катары кабыл алынбайт, анткени тест учурунда абитуриентке жанында уюлдук телефон же башка электрондук байланыш каражаттарын алып жүрүүгө тыюу салынат. Тыныгуу учурунда да телефондорду (өзүнүн, ата-энесинин же тааныштарынын) жана акылдуу сааттарды электрондук капчыктар аркылуу төлөм жүргүзүү үчүн колдонууга уруксат берилбейт», — деп баса белгиледи БББОУБ.
Жеке муктаждыктар үчүн (суу, шоколад ж.б.) борбор жанына накталай акча же банк картасын ала келүүнү сунуштайт.
2012-жылдан бери ЖРТ менчик түрүнө карабастан республиканын бардык жогорку окуу жайларына кирүү үчүн милдеттүү болуп саналат.

