17:04
USD 87.45
EUR 102.94
RUB 1.16

Мектепке кабыл алуу. 66 миңден ашык бала биринчи класска катталды

66,8 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.

Ал эми Бишкек шаарында 9,8 миң бала окууга кирди.

Алардын ичинен:

  • 4,2 миңи кыргыз тилинде окутуучу класстарга;
  • 5,6 миңден ашыгы орус тилинде окутуучу класстарга кабыл алынды.

Учурда борбор калаада 16,6 миң бош орун калууда.

2026/27-окуу жылына карата жалпы квоталардын саны — 192,3 миңди түзөт. Азырынча 125 миң орун бош турат.

Белгилей кетсек, республиканын түштүгүндө өзбек жана тажик тилдеринде окутуучу класстарга да кабыл алуу жүрүп жатат.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Учурда 2019 жана 2020-жылы туулган балдар катталууда.

Биринчи этапта ата-энесинин биринин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынат.

Экинчи этап (жашаган жерине карабастан каттоо) 1-июндан тарта башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар