Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Зиядин Жамалдинов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим 1-майда эле кабыл алынганы белгиленет. Бишкектин Биринчи май райондук соту ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, баш коргоо чарасын өзгөрткөн.
Эске салсак, Жамалдинов соттун чечими менен 10-июнга чейин камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» (41-беренесинин 2-бөлүмү) жана «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» (263-берене) беренелеринин негизинде шектелүүдө.
Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин III, IV жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылдын июль айынан 2023-жылдын апрелине чейин Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

