10:29
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Бүгүн Бишкекте коомдук тартипти 3 миңден ашуун милиция кызматкери карайт

Бүгүн, 9-май Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлөрүнө байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту күчөтүлгөн режимде 3 миңден ашуун милиция кызматкери камсыз кылат. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, «Өлбөс полк» жүрүшү учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу максатында белгиленген эрежелерди жана милиция кызматкерлеринин талаптарын сактоо керек.

Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • дрондорду жана башка учуучу аппараттарды уруксатсыз колдонууга;
  • абадан уруксатсыз тартууга;
  • курал-жарактарды, кооптуу буюмдарды, пиротехникаларды алып жүрүүгө;
  • алкоголдук ичимдиктерди алып кирүүгө жана колдонууга;
  • айнек идиштерди колдонууга;
  • экстремисттик, чагымчыл жана саясий символикаларды колдонууга;
  • үгүт иштерин жүргүзүүгө;
  • коомдук тартипти бузган аракеттерге.

Учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууга расмий уруксат болгон учурда гана жол берилет. Талаптар бузулган учурда аларга карата мажбурлап бөгөт коюу чаралары көрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар