10:29
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Дүйнө чемпионаты — 2026: Лионель Месси башкы фавориттерин атады

Фото Интернеттен алынды. Лионель Месси башкы фавориттерин атады

Аргентина курама командасынын легендарлуу жарым коргоочусу Лионель Месси 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын башкы фавориттерин атады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Жакында Полло Альвареске берген маегинде аргентиналык атактуу футболчу Лионель Месси алдыдагы дүйнө биринчилигинде жеңишке жетиши мүмкүн болгон командалардын тизмесин ачыктады.

Аргентинага чемпиондук наамын коргоо кыйын болот

Месси Аргентина көптөгөн күчтүү атаандаштарга, анын ичинде Португалия жана Криштиану Роналдуга туш болорун моюнга алды:

«Аргентинадан алдыда турган башка фавориттер да бар. Алар азыр бизге караганда жакшыраак формада. Франция кайрадан абдан күчтүү, алардын курамында жогорку деңгээлдеги оюнчулар көп. Испания, Бразилия — алар ар дайым башкы талапкерлердин катарына кирет. Менимче, Португалиянын да азыр абдан атаандаштыкка жөндөмдүү курамы бар», — деди Месси.

Аргентина курама командасы 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын финалында Францияны жеңип, учурдагы дүйнө чемпиону болуп саналат. Буга чейин Лео Месси алдыдагы дүйнө чемпионаты анын карьерасындагы акыркы мелдеш болорун айткан.

Эске салсак, 2026-жылкы Дүйнө чемпионаты жайда 11-июндан 19-июлга чейин өтөт. Дүйнө биринчилигине рекорддук сандагы — 48 курама команда катышат. Оюндар үч өлкөнүн (АКШ — 11, Мексика — 3, Канада — 2) 16 шаарында өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар