01:13
USD 87.45
EUR 90.27
RUB 0.90

17-январга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-январда Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −3...-8, күндүз 5...10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −3...-8, күндүз 0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн −19...-24, күндүз −3...-8;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2°, күндүз 8...10° болот.

Эң көп окулган жаңылыктар