20:46
USD 86.96
EUR 91.03
RUB 0.84

Бишкекте түнкүсүн үшүк жүрөт. 21-24-ноябрга карата аба ырайы

Аптанын экинчи жарымында Бишкекте ала булут каптап, андан кийин күн ачык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

21-ноябрда борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +2 градуска жакын, күндүз +10 градуска чейин жылуу.

22-ноябрда түнкүсүн жаан жаап, абанын температурасы 0 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +5 градуска чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

23-ноябрда күн ачык болот. Термометр түнкүсүн −4 градуска чейин төмөндөп, күндүз аба +8 градуска чейин жылыйт.

24-ноябрда ала булут каптап турат. Түнкүсүн −4 градуска чейин суук, күндүз +10 градуска чейин жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар