18:01
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Раззаков шаарына 26 миллион сомго заманбап мал базар курулду

Раззаков шаарына 26 миллион сомго муниципалдык мал базар курулду. Бул тууралуу Баткен облусу боюнча өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда бастырмаларды куруу, астына асфальт төшөө иштери аяктап, административдик жана чарбалык имараттар курулуп, таза суу түтүктөрүн жана электр чубалгыларын тартуу, жарыктандыруу, базарга кирүү жана чыгуу жолдору жасалып, айланасы бетон тосмолору менен тосулду. Курулушка жалпы 26 млн сом жумшалган.

Тагырагы, Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 500 млн сомдун эсебинен 15 млн сом, Лейлек районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 6 млн 700 миң сом жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн 654 миң сом каржыланды.

Бүгүнкү күндө пайдаланууга берүү алдында турат.Негизи «Муниципалдык мал базар жана унаа базар куруу» долбоорун ишке ашыруу үчүн мэриядан 6 га жер ажыратылып, долбоорго ылайык алдыда бул аймакта унаа базар, чөп базар, дыйкан базар жана унаа токтоочу жайлардын курулушу да пландалган.

Эң көп окулган жаңылыктар