USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт

17:27, 25 июля 2024, Бишкек - 24.kg

«Бишкекгаз» газ кызматы орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт:

  • КЧК, Аламүдүн дарыясы, Элебесов, Коллективная, Киргизия, Бельский көчөлөрү, айланма жол, «Кызыл куруучу» конушу, төмөнкү Ала-Арча айылы, «Керамический», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек 2» конуштары, «Сантех Заготовок» заводу, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасы — 29—31-июль күндөрү;
  • Буденный, Шабдан Баатыр, Курманжан Датка, Салиева көчөлөрү — 29—31-июль күндөрү;
  • Фрунзе, Достоевский, Шабдан Баатыр, Лермонтов көчөлөрү — 30-июлдан 1-августка чейин.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика