Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Франция президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти.
Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун «Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге» аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.